Сокулук районунун акими Манас айыл аймагынын тургундары менен жолугушту

2026-жылдын 5-августунда Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Ташкулов Илияс Акжигитовичтин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты – айыл аймагынын тургундарынын көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин угуу, жергиликтүү деңгээлдеги актуалдуу маселелерди талкуулоо жана калк менен түз байланыш түзүү болду. Жыйындын жүрүшүндө тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, күнүмдүк […]
Билим – келечекке карай бекем кадам! Манас айыл аймагынын мыкты бүтүрүүчүлөрү сыйланды

Манас айыл өкмөтү Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) жогорку упай топтоп, билим деңгээли жана мыкты жетишкендиктери менен айырмаланган бүтүрүүчүлөрдү салтанаттуу түрдө куттуктады. Билим – ар бир адамдын келечегине жол ачкан, коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн эң баалуу байлык. Манас айыл аймагынын таланттуу жаштары өздөрүнүн талыкпаган эмгеги, тырышчаактыгы жана билимге болгон умтулуусу аркылуу жогорку натыйжаларга жетишип, ата-энелеринин, мугалимдеринин […]
Манас айыл аймагына караштуу Ак-Жол айылында «Вилби» ЖЧКсынын расмий ачылыш аземи болуп өттү

Манас айыл аймагынын Ак-Жол айылында «Вилби» жоопкерчилиги чектелген коомунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Жаңы ишкананын ачылышы айыл аймагында ишкердикти өнүктүрүү, жергиликтүү экономиканы чыңдоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү багытында маанилүү кадам болуп саналат. Манас айыл өкмөтү ишкананын жамаатына ийгиликтерди каалап, анын ишмердүүлүгү айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошоруна ишеним билдирет. Манас айыл аймагынын Ак-Жол […]
Фрунзе айылында Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы белгиленди

2026-жылдын 9-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына карата Манас айыл аймагына караштуу Фрунзе айылында эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Манас айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, аксакалдар, жаштар жана мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышып, мекен үчүн жанын аябаган баатырлардын жаркын элесин эскеришти. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына орнотулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, баатырлардын […]
Ак-Жол айылында жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, терек жана карагай көчөттөрү отургузулду

Манас айыл аймагына караштуу Ак-Жол айылында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана жашыл аймактарды көбөйтүү максатында терек жана карагай көчөттөрүн отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган иш-чарага «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, облустук прокуратуранын өкүлдөрү жана район акими катышып, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштерине өз салымдарын кошушту. Иш-чаранын жүрүшүндө Ак-Жол айылынын аймагына терек жана карагай көчөттөрү отургузулуп, айлана-чөйрөнү коргоонун жана […]
Сокулук районунда 7-апрель — Элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү

Сокулук районунда 7-апрель — Элдик Апрель революциясынын күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларда өлкөнүн эркиндиги, адилеттүүлүгү жана келечеги үчүн күрөшүп, курман болгон жарандардын жаркын элесин эскерүү жана алардын эрдигине таазим кылуу болду. Эскерүү иш-чарасынын алкагында курман болгондордун урматына гүлчамбар коюлуп, катышуучулар алардын жаркын элесин бир мүнөт унчукпай эскеришти. 7-апрель […]
Мыйзамсыз курулуштар менен күрөшү!

Сокулук районунун шааркуруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Чүй регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 56 «Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын […]
Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгынын коллегиясы!

2024-жылдын 23-июлунда Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.А.Ташкуловдун төрагалыгы алдында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары С.Ж.Исмановдун, Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, айылдык кеңештердин төрагаларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин, билим берүүчү жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда кезектеги коллегиялык отуруму болуп өттү. Коллегия отурумунун жүрүшүндө […]
Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктоо!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!!! Урматтуу саламаттык сакчылары, сиздердин дартка даба болуп, ажат ачып, элдин ыраазычылыгын алган кызматыңыздар эч нерсе менен өлчөнбөйт, эч нерсеге теңелбейт. Анткени сиздер «Өзгөлөрдүн өмүрү деп, өзүм күйүп жок болом» деген ураан астында элге кызмат кылып, бекеринен ант берген эмессиздер. Албетте, адам өмүрү деген маселеде антты бузбайсыздар деп терең […]
Жашылча -жемиштерди нигратын көлөмүнө текшерүү иштери жүргүзүлдү!

Кыргыз республикасынын Суу ресурстары ,айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министирлигине караштуу Ветеринардык кызматынын 2024- жылдын 25 – июнунда #06-2-8/3259!санду катына Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгы Сокулук айылынын ” Жибек жолу ” базарында Кыргыз Республикасынын Түштүк регионунан алынып келип сатылып жаткан жашылча -жемиштерди ( дарбыз ,коон , помидор,калемпир , пияз , капуста , ,сабиз ж.б […]