Манас айыл өкмөтү Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) жогорку упай топтоп, билим деңгээли жана мыкты жетишкендиктери менен айырмаланган бүтүрүүчүлөрдү салтанаттуу түрдө куттуктады.

Билим – ар бир адамдын келечегине жол ачкан, коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн эң баалуу байлык. Манас айыл аймагынын таланттуу жаштары өздөрүнүн талыкпаган эмгеги, тырышчаактыгы жана билимге болгон умтулуусу аркылуу жогорку натыйжаларга жетишип, ата-энелеринин, мугалимдеринин жана жалпы айыл аймагынын сыймыгына айланышты.

Жаштардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо жана аларды мындан аркы ийгиликтерге шыктандыруу максатында Манас айыл өкмөтү тарабынан мыкты бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул сыйлоо – жаш муундардын билимге болгон кызыгуусун арттырууга, алардын эмгегин баалоого жана келечектеги максаттарына жетүүгө дем берүүгө багытталган маанилүү кадам.

Манас айыл өкмөтү бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктерине кубанычын билдирип, алардын алдыдагы окууларына ийгилик, бийик максаттарды жана жаркын келечекти каалайт.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Сиздердин бүгүнкү жетишкендиктериңиздер – ата-энеңиздердин, мугалимдериңиздердин жана жалпы айыл аймагыбыздын сыймыгы. Алган билимиңиздерди тереңдетип, келечекте өз кесибинин мыкты адиси болуп, Кыргызстандын өнүгүшүнө татыктуу салым кошоруңуздарга ишенебиз.

Ийгилигиңиздер арта берсин! Жолуңуздар ачык, келечегиңиздер кең болсун!