ЖАРАНДАРДЫ ЖЕКЕ КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯ

Урматтуу Манас айыл аймагынын тургундары! 2026-жылдын 5-августунда саат 10:00дө Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Ташкулов Илияс Акжигитович Манас айыл өкмөтүнүн имаратында жарандарды жеке кабыл алат. Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандардын арыз-кайрылуулары, көйгөйлөрү жана сунуш-пикирлери угулуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр берилет. Жеке кабыл алуу жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн угууга, жарандар менен түз байланыш түзүүгө жана […]
«БАЛА ЫРЫСЫ» ЖӨЛӨКПУЛУ БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Урматтуу Манас айыл аймагынын тургундары! Манас айыл өкмөтү 2026-жылдын 1-июлунан тартып «Бала ырысы» жөлөкпулуна арыздарды кабыл алуу башталарын маалымдайт. Жөлөкпул алуу үчүн Манас айыл аймагынын тургундары Сокулук райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына ар жуманын жума күнү кайрылып, тиешелүү арыздарын тапшыра алышат. Ошондой эле жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу үйдөн […]
УЛУУ ЖЕҢИШТИН 81 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЧАКЫРУУ!

Урматтуу Манас айыл аймагынын тургундары жана коноктору! Манас айыл өкмөтү сиздерди 2026-жылдын 9-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына карата уюштурулуучу майрамдык жана эскерүү иш-чарасына чакырат. Иш-чара Манас айыл аймагына караштуу Фрунзе айылында саат 09:00дө башталат. Майрамдык иш-чаранын негизги максаты — Улуу Ата Мекендик согушта мекен үчүн курман болгон баатырлардын жаркын элесин эскерүү, алардын […]