2026-жылдын 5-августунда Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Ташкулов Илияс Акжигитовичтин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун негизги максаты – айыл аймагынын тургундарынын көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин угуу, жергиликтүү деңгээлдеги актуалдуу маселелерди талкуулоо жана калк менен түз байланыш түзүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, күнүмдүк турмушта кездешкен көйгөйлөрдү жана айыл аймагын өнүктүрүүгө байланышкан сунуштарын билдиришти.

Ошондой эле жолугушууда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана калктын жашоо шарттарын өнүктүрүү багытындагы маселелер талкууланды.

Мындай жолугушуулар мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү калктын ортосундагы ачык диалогду камсыз кылууга, жарандардын кайрылууларын түздөн-түз угууга жана айыл аймагындагы көйгөйлөрдү аныктоого багытталган.

Манас айыл өкмөтү жергиликтүү тургундар менен тыгыз байланышта иш алып барууга жана айыл аймагынын өнүгүүсүнө байланыштуу сунуш-пикирлерди эске алууга маани берет.