2026-жылдын 9-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына карата Манас айыл аймагына караштуу Фрунзе айылында эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Манас айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, аксакалдар, жаштар жана мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышып, мекен үчүн жанын аябаган баатырлардын жаркын элесин эскеришти.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун урматына орнотулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, баатырлардын эрдигине таазим жасалды. Ошондой эле согуш ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине терең урмат-сый көрсөтүлүп, мекенди коргоодо курман болгондордун элеси бир мүнөт унчукпай эскерилди.
Улуу Жеңиш – элибиздин тарыхындагы эрдиктин, кайраттуулуктун жана мекенчилдиктин өчпөс символу. Бул күн жаш муундарды ата-бабаларыбыздын эрдигин унутпоого, тынчтыктын баркын билүүгө жана мекенди сүйүүгө үндөйт.
Манас айыл өкмөтү бардык тургундарды Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, ар бир үй-бүлөгө бекем ден соолук, бакубат жашоо, өлкөбүзгө тынчтык жана ынтымак каалайт.
Улуу Жеңиштин даңкы түбөлүк жашасын! Баатырларыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт!







