Манас айыл аймагына караштуу Ак-Жол айылында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана жашыл аймактарды көбөйтүү максатында терек жана карагай көчөттөрүн отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, облустук прокуратуранын өкүлдөрү жана район акими катышып, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштерине өз салымдарын кошушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ак-Жол айылынын аймагына терек жана карагай көчөттөрү отургузулуп, айлана-чөйрөнү коргоонун жана жаратылышка аяр мамиле жасоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурулду.
Мындай демилгелер айыл аймагынын экологиялык абалын жакшыртууга, калк үчүн жагымдуу жана таза чөйрөнү түзүүгө, ошондой эле келечек муундарга жашыл жана көрктүү аймакты калтырууга багытталган.
Манас айыл өкмөтү айыл аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин маанилүүлүгүн белгилеп, тургундарды жаратылышты коргоого, ай





