Сокулук районунда 7-апрель — Элдик Апрель революциясынын күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларда өлкөнүн эркиндиги, адилеттүүлүгү жана келечеги үчүн күрөшүп, курман болгон жарандардын жаркын элесин эскерүү жана алардын эрдигине таазим кылуу болду.
Эскерүү иш-чарасынын алкагында курман болгондордун урматына гүлчамбар коюлуп, катышуучулар алардын жаркын элесин бир мүнөт унчукпай эскеришти.
7-апрель Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү күндөрдүн бири болуп саналат. Бул күн өлкөбүздүн тарыхындагы оор окуяларды, адам өмүрүнүн баалуулугун жана коомдогу тынчтык менен ынтымактын маанисин эске салат.
Мындай эскерүү иш-чаралары тарыхый окуялардын маанисин кийинки муундарга жеткирүүгө, курман болгондордун элесин урматтоого жана коомдо биримдикти бекемдөөгө багытталган.
7-апрель окуяларында курман болгон мекендештерибиздин жаркын элеси түбөлүккө сакталсын!





