Урматтуу Манас айыл аймагынын тургундары жана коноктору!

Манас айыл өкмөтү сиздерди 2026-жылдын 9-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына карата уюштурулуучу майрамдык жана эскерүү иш-чарасына чакырат.

Иш-чара Манас айыл аймагына караштуу Фрунзе айылында саат 09:00дө башталат.

Майрамдык иш-чаранын негизги максаты — Улуу Ата Мекендик согушта мекен үчүн курман болгон баатырлардын жаркын элесин эскерүү, алардын эрдигине таазим кылуу жана жаш муундарга тынчтыктын баалуулугун жеткирүү.

Иш-чаранын программасы:

  1. «Өлбөс полк» жүрүшү — согуштун катышуучуларын жана баатырларды эскерүү жүрүшү.
  2. Гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу — курман болгондордун эстелигине таазим кылуу.
  3. Майрамдык концерттик программа — Жеңиш күнүнө арналган музыкалык чыгармалар.
  4. Жоокер боткосу — майрамдык иш-чаранын катышуучулары үчүн.

Өткөрүлүүчү күнү: 9-май, 2026-жыл

Башталышы: 09:00

Өткөрүлүүчү жери: Фрунзе айылы, Манас айыл аймагы

Улуу Жеңиш — элибиздин эрдигинин, кайраттуулугунун жана биримдигинин символу. Баатырларыбыздын жаркын элесин бирге эскерип, алардын мекен үчүн жасаган эрдигине таазим кылалы!

Бардык айыл тургундарын жана конокторду майрамдык иш-чарага чакырабыз!

Эскеребиз! Сыймыктанабыз! Урматтайбыз!