Урматтуу Манас айыл аймагынын тургундары!
Манас айыл өкмөтү 2026-жылдын 1-июлунан тартып «Бала ырысы» жөлөкпулуна арыздарды кабыл алуу башталарын маалымдайт.
Жөлөкпул алуу үчүн Манас айыл аймагынын тургундары Сокулук райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына ар жуманын жума күнү кайрылып, тиешелүү арыздарын тапшыра алышат.
Ошондой эле жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу үйдөн чыкпастан электрондук түрдө арыз берүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Жөлөкпул алуунун негизги шарттары:
- Ата-эне менен бала бирге жашоого тийиш.
- Жөлөкпул бала 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт.
Аталган жөлөкпул балалуу үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоого багытталган.
Кошумча маалымат алуу үчүн 111 кыска номерине кайрылсаңыздар болот.
Манас айыл өкмөтү жарандарды берилген мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга жана жөлөкпул алуу боюнча өз убагында кайрылууга чакырат.