Манас айыл аймагынын Ак-Жол айылында «Вилби» жоопкерчилиги чектелген коомунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Жаңы ишкананын ачылышы айыл аймагында ишкердикти өнүктүрүү, жергиликтүү экономиканы чыңдоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү багытында маанилүү кадам болуп саналат.
Манас айыл өкмөтү ишкананын жамаатына ийгиликтерди каалап, анын ишмердүүлүгү айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошоруна ишеним билдирет.
Манас айыл аймагынын Ак-Жол айылында «Вилби» ЖЧКсынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Жаңы ишкананын ишке кириши жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүүгө жана айыл аймагынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.





