2024-жылдын 23-июлунда Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.А.Ташкуловдун төрагалыгы алдында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары С.Ж.Исмановдун, Сокулук районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, айылдык кеңештердин төрагаларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин, билим берүүчү жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилеринин катышуусунда кезектеги коллегиялык отуруму болуп өттү. Коллегия отурумунун жүрүшүндө Сокулук районунун 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар аткарууга берилди.
Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгынын коллегиясы!
- Post published:Август 12, 2024