You are currently viewing Мыйзамсыз курулуштар менен күрөшү!

Мыйзамсыз курулуштар менен күрөшү!

Сокулук районунун шааркуруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Чүй регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 56 «Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткарууда, ошондой эле курулуштардын мыйзамдуулугун аныктоо жана мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу максатында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун боюнда, тактап айтканда Сокулук районунун аймагында жайгашкан объектилерди ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз болуп аныкталган объектилердин ээлери менен түшүндү иштери жүргүзүлүп эскертмелерберилген.

Эскиртуу берилип, бирок бүгүнкү күнго чейин алынбай турган мыйзамсыз болуп табылган 10 павильон(женил курулуштар), 8 жарнамалык такта(реламный шит) жана 200дөй көрнөк жарнактар тушундуруу иштеринин алкагында алынды. Андан сырткары 10 ашык объектин ээлери бир жумалык мөөнөттө мыйзамсыз болуп табылган объектилерин бузуга кепилдик беришти.

Ошондой эле, бул багытта иштер улантулуда.